7-8-август күндөрү Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссия өз корутундусун чыгарды. Бул комиссияда мүчө болуп иштеген генерал-лейтенант Исмаил Исаков окуяны объективдүү кароо үчүн бардык тарапты угууга жетиштик деп ишендирет.

Баардык тарапты камтыганга аракет жасадык. Кой-Таштагы жашоочулардын, укук коргоо органдарынын, Атамбаевдин тарапташтарынын айткан пикирин угуп, маалымат каражаттарына чыккан материалдарды, видеолорду, ал тургай УКМКнын имаратына барып, жашыруун деген документтерин дагы карап, ошонун негизинде объективдүү чечимге жетиштик. Комиссиянын мүчөлөрүндө ар кандай ой-пикирлер болду. Айрым мүчөлөр кээ бир маселелерди биздин функцияга кирбейт, муну Жогорку Кеңеш чечсин деп айтышты. Ага карабай баарын алып чыкканга аракет кылдык. Жеке өзүмдүн сунуштарым толугу менен камтылды“,-дейт Исаков.

Ал эми Атамбаев “өзүм билем, айткандарым мыйзам деп” отуруп мыйзамдын талаптарына баш ийбеген аракеттери менен окуянын келип чыгышына алып келди деп эсептейт. Окуяны иликтеген соң Атамбаев жана тарапташтары мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярдык көргөн деп айтууга негиз бар экенин белгиледи.

Мыйзамдуу түрдө кылмыш иш боюнча күбө катары чакырып жатса, “Мен барбайм!.. Курал-жарагым бар. Керек болсо атышам!..” деп айтып, үйүнө таштарды түшүрүп, аңысы көрүнүп калбасын деп чөп менен жаап олтурганын өзүңөр деле көрдүңөр да. Андан сырткары, өзүнүн балдарын чогултуп, аларды регионалдык карама-каршылыкка даярдаганы боюнча дагы далилдер бар. Эң жакын балдарынын айткан сөздөрүн кайталабай эле коёюн. Аларда кимдерди жок кылуу, кимдердин үйлөрүн тоноо планы өтө мыкты түзүлүп, ошонун негизинде регионалдык карама-каршылык чыгат, андан кийин Ак үйдү, КТРКны басып алабыз деген ой-пикирлери болгон.”

Булак: “Жаңы Ордо”

Макала жактыбы?

НетДа
7
6
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: