КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева камакка алынды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ички иштер министрлиги тарабынан 7-8-август күндөрү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон баш аламандык, барымтага алуу жана өлтүрүү фактылары боюнча бир катар кылмыш иши иликтенип жатат.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 16-декабрь күнү тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн күбө катары Кундуз Жолдубаева чакырылган. Суракка алынган соң ал кое берилгени айтылды.

Белгилей кетсек, “Апрель”  Жолдубаеванын 48 саатка камалышы ыктымал экенин жазып чыккан.

Опубликовано Адилем Турдукуловым Понедельник, 16 декабря 2019 г.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 63