Пакистандын атайын соту экс-президент Первез Мушаррафты мамлекетке чыккынчылык кылгандыгы үчүн өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, Мушарраф 2001-жылдан 2008-жылга чейин Пакистанды башкарып турган маалда 2007-жылы өлкөгө өзгөчө кырдаалдарды киргизип, Жогорку соттун мүчөлөрүн камоону буюрган. Мындан сырткары мамлекеттик эмес теле жана радио берүүлөргө тыюу салган. Ошол учурдагы баш аламандыкта 100дөн ашуун адам өлүм жазасына тартылган. Бул аракети мамлекетке кылган чыккынчылык катары эсептелип, Пакистан соту тарыхта биринчи жолу өлкөнүн мурунку башчысына өлүм жазасына өкүм чыгарды.

2016-жылы Жогорку сот экс-президентке өлкөдөн чыгууга уруксат бергенден кийин 72 жаштагы Мушарраф Бириккен Араб Эмираттарына дарыланганы кетип, ошол бойдон качып өлкөгө келген эмес.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: