Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Азербайжандын Баку шаарында өтө турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) IX пленардык жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын алкагында Дастанбек Жумабеков Ассамблея кеңешинин отурумуна, ошондой эле «Түрк дүйнөсүндөгү парламенттик дипломатия: Тынчтык жана коопсуздук боюнча аймактык кызматташтыкты бекемдөө» темасы боюнча пленардык жыйынга катышат.

“Мындан тышкары укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын отуруму да пландалган. Иш-чарага Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан парламенттеринин жетекчилери да катышат”, – деп айтылат маалыматта.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
7
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: