Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда героиндин ири партиясы табылды. Бул тууралуу Баңгизатын жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызыматынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, буга чейин А.А. аттуу жаран баңгизатын сатып өткөрүп жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. 11-декабрда стационардык жайдан милиция унааны токтотуп, текшерүүгө алышкан. Унааны башкарып бара жаткан 33 жаштагы А.А.нын баштыгынан 6 килограмм 140 грамм героин табылды.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 13-декабрда тартип сакчылары Баткен облусунда баңгизатын сатып өткөрүүчү туруктуу каналдын уюштуруучусу Р.У.ну кармашты. Шектүүлөр тергөө абагына киргизилди.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: