Бишкекте КамАЗ жолдун четиндеги аялды өлтүрө тепселеп кетти (ВИДЕО)

266

Бишкекте жол кырсыктын натыйжасында КамАЗ аялды барып тепселеп кетти. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан билдирди.

Жол кырсык бүгүн саат 14:25тер чамасында “Ак-Өргө” конушунда болгон. Honda Stream унаасы менен КамАЗ сүзүшүп, катуу кагышуудан унаа жол четине чыгып кеткен.

Бул учурда жол боюнда турган 56 жаштагы аялды жүк ташуучу унаа барып өлтүрө тепселеди. Натыйжада эки унаанын тең айдоочулары жаракат алып, унаалары айып короого токтотулду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь