Бүгүн борбордук Ала-Тоо аянтында өткөн #REакция 2.0 тынчтык митинги тууралуу ЖК депутаты Искендер Матраимов өз пикирин билдирди. Бул иш-чара алардын үй-бүлөсүнө каршы уюштурулуп жаткандыктан унчукпай коюуга мүмкүн эмес дейт Матраимов. Ар бир жаран көз карашын айтып чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин жазды фейсбук баракчасы аркылуу.

Айрым журналисттер дагы журналисттик этикадан четтеп, бей тараптуулукту сактабай, бир жактуу каралоого орун берип келишти. Ал гана эмес болуп жаткан митингдерге чогуу чыгып, өздөрүнүн көз карашын таӊуулап жатканын байкоого болот. Мындай аракети менен алар кыргыз журналистикасын дискредитация кылып жатат деп эсептейм”,- деп белгилеген депутат.

Ал эми коомдо кандай гана маселе болбосун бардыгына Матримовдорду гана күнөөлүү кылып көрсөтүп жатат деген ыза сөзүн жазган.

Биздин үй-бүлөнүн артынан өчү бардай түшүп, бир жактуу маалыматтар менен чабуул жасашты. Бажы тармагындагы мыйзамдарды, иштөө тартип-эрежелерин тактабай туруп, өзү издөөдө жүргөн, алдамчылык менен кылмыш иши козголгон адамдын сөзүн маанилүү далил катары чыгарышты. “Азаттыктын” иликтөөсү боюнча териштирүү жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы күтпөй эле саясий кызыкчылыгы бар топтор улам арты-артынан акцияларды уюштуруп, инимдин сүрөтүн жасалмалап, шылдыӊдап көтөрүп алып чагымчылдык пикирлерди жайылтуу менен алек.”  Учурда эмне гана болбосун бизге шылтап, ал тургай шаарды каптаган ышты дагы бизден көрүп жатышпайбы?”  Айтор, Кыргызстандагы бардык ийгиликсиздер үчүн жалгыз эле биз күнөөлүдөй көрсөтүшүүдө. Бүгүн дагы кезектеги иш-чарасын өткөрүшүп, бир топ жарандар Ала-Тоо аянтына чогулушту. Биздин дарегибизге жасалып жаткан каралоо чындыкка дал келбесин убагы келгенде, териштирүүлөр аяктаганда далилдеп беребиз. Бет тырмачылыктарга, жалган жалааларга дагы жообубуз бар, аны убакыт, мезгил ордуна коет“,-деп сөзүн жыйынтыктады Искендер Матраимов.

Макала жактыбы?

НетДа
4
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: