Россиянын Москва шаарында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү менен жергиликтүү укук коргоо органдары биргеликте өз мекендештеринен опузалап акча талап кылган шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кыргызстандык жарандар кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектенишип, өз мекендештерин ар кандай шылтоолор менен тоноп жүргөнү жөнүндө ыкчам маалымат түшүп турган. Ошондой эле Москва шаарында жана Москва облусунун аймагында опузалоо максатында ишкерлик менен алектенген (кафе-ресторандар, базарлар, курулуш иштери, таксисттер) жарандарга көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылып жаткандар боюнча дагы маалыматтар болгон.

Ушул жылдын декабрь айында ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын 36 жаштагы жараны кайрылып, Москва шаарынын Нижегородская көчөсүнөн белгисиз адамдар Ош облусунун Кара-Суу районунун 1976-жылы туулган тургунун уурдап кетишкенин билдирген. Анын айтымына караганда, кылмышкерлер агасын токойго алып барышып, бычак менен денесине жаракат келтиришкен. Ошондой эле алар 200 миң рубль талап кылышып, ай сайын 100 миң рубль берип турасын деп коркутушкан.

Аталган факт Россиянын ИИМнин Москва шаарындагы аймактык бөлүмүнө катталып, опузалап акча талап кылган кылмыштуу топту кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөн. 12-декабрда акча каражатын накталай алып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды.

Алар:

1) Ош облусунун Алай районунун 1997-жылы туулган Н.А. аттуу тургуну;

2) Ош облусунун Өзгөн районунун 1999-жылы туулган М.М. аттуу тургуну;

3) Ош облусунун Өзгөн районунун 1997-жылы туулган Ш.И. аттуу тургуну;

4) Ош облусунун 1988-жылы туулган И.Д. аттуу тургуну.

Кармоо учурунда алар каршылык көрсөтүшкөн. Кылмыш жасалган жерден белги коюлган акча каражаты, 3 бычак алынды. Маалыматтар боюнча, кармалгандардын бири уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Аталган факт боюнча Москва шаарынын Тергөө комитети тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинде (адам урдоо), 163-беренесинин 2-бөлүмүнүн а-в-пункттарында (алдын ала бүтүмгө келүү менен зомбулук көрсөтүү аркылуу адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда мындай кылмыш иштерин жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Булак: Barakelde.org

Макала жактыбы?

НетДа
4
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 586