Бишкекте №3 мектептин жылуулук системасында авария болгондугуна байланыштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Азамат Өмүрзаков иштен алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мектептин жылуулук системасында авария болгондугунан ага кошо жакын жайгашкан №117 бала бакча дагы жылуулуксуз калган. 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар №39 мектепте убактылуу билим алып жатышты. Башталгыч класстар каникулга тарашкан. Бала бакча жабылып, логопеддер үйдөн иштеди.

Капиталдык курулуш башкармалыгы №3 мектептин жылуулук түтүктөрүн оңдоого 1 миллион 80 миң сом, бала бакчанын түтүктөрүн жакшыртууга 181 миң сом тендер жарыялаган болчу. Ал эми мэриянын тапшырмасы жана вице-мэр Мирлан Амантуровдун кийлигишүүсү менен оңдоо иштерине кеткен каражат 30 миң сомдон ашкан эмес. Мындан улам тендер жокко чыгарылган.

Азыркы учурда мектеп менен бала бакчага жылуулук берилип, кадимки тартипте иштеп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: