Орусияда кыргызстандык бөтөлкөлөшүн бир нече жолу сайып өлтүргөн

Россиянын Нижневартовск шаардык соту кыргызстандык жаранды өлтүргөн Калининград облусунун 53 жаштагы тургунуна карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Ханты-Мансийск автономдук округунун тергөө комитетинин сайтында жарыяланды.

Кыргызстандын 52 жаштагы жараны менен шектүү Нижневартовск районунда иштеп жана чогу жашашчу. 2019-жылдын февраль айында алар алкоголь ичимдиктерин ичип отуруп уруша кетишкен. Ошол учурда айыпталуучу маркумду бир нече жолу бычак менен сайып жиберген. Ал алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган. Андан соң жансыз денени катып, жумуштагыларга башка жерге иштегени кетти деп айткан.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышкер Омск облусунан кармалды. Соттун чечими менен күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь