Рыспаев: Акчаны өз чөнтөгүмө кымырып алайын деген ниетим жок (ВИДЕО)

«Кожобек Рыспаевге бир сом» деген акциянын алкагында ЖК депутаты Рыскелди Момбеков кесиптеши үчүн 1000 сом садага кылды.

Бүгүн Ала-Тоо аянтында #REакция 2.0 митинги өтүп, колуна кайрымдуулук кутусун көтөргөн кыз жүрдү. Анда депутат Кожобек Рыспаевдин сүрөтү тартылып «Кожобекке 1 сом» деп жазылган. Кайдыгер эмес жарандардан чогулган каражатты “Ачык саясат плюс” гезити Рыспаевге берет.

Эске салсак, Жогорку сот «Ачык саясат плюс» гезитин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген буга чейинки инстанциялардын чечимин күчүндө калтырган. Ал эми гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова гезит бул сумманы көтөрө албагандыктан акча чогултуу акциясын уюштургандарын билдирди.

Өз кезегинде Кожобек Рыспаев доого жыккан 300миң сомду ооган ардагерлерине жана алардын фондуна котороорун белгиледи.

” Мен деги эле массалык маалымат каражаттарынын ишине каршы эмесмин. Бирок аша чаап, одоно жазылган айрым ММКларды көзөмөлгө албаса болбойт деп ойлойм. “Ачык саясат плюс” гезетине сот тарабынан кечээ адилеттүү чечим чыкты деп айта алам. Сот аты аталган гезитке 300000 сом айып салды. Бул акчаны мен өз чөнтөгүмө кымырып алайын деген ниетим жок. Каражат Афган ардагерлерине жана алардын фондуна которулат. Арзыбаган акча болсо да аларды колдоону чечтим.”

Мен деги эле массалык маалымат каражаттарынын ишине каршы эмесмин. Бирок аша чаап, одоно жазылган айрым ММКларды …

Опубликовано Кожобеком Рыспаевым Вторник, 17 декабря 2019 г.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь