Чүйдөгү Сокулук районунда адам өмүрүнө кол салууга шектелген 31 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-декабрда Сокулук РИИБине аймактык ооруканадан бычактан жаракат алган аял киши тууралуу билдирүү түшкөн. Ыкчам топ жабырлануучунун өздүгүн аныктап, ал 32 жаштагы К.С. болуп чыкты.

К.Снын айтымында, окуя болгон күнү курбусу менен таанышынын үйүндө алкоголдук ичимдиктерин ичип отурушкан жана ким кол салганын эсинде жок экенин айткан. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жабырлануучу айткан бардык адамдардын өздүгү аныкталып, суралды.

Териштирүүнүн жүрүшүндө 31 жаштагы Р.Б кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 86