АКШнын президенти Дональд Трампка импичмент жарыяланды. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы өлкө башчысын бийликтен алуу үчүн добуш беришти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышууда.

Маалыматка ылайык, добуш берүү 19-декабрга караган түнү болгон. Дональд Трампка импичмент жарыялоо “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “конгресстин ишине тоскоолдук жаратуу” беренесинин негизинде добушка коюлган. Биринчи берене боюнча 230 өкүл макул деп добуш берсе, 197 өкүл каршы деген добушун берген. Ал эми экинчи берене боюнча 229 макул десе, 198и каршы добуш берген.

Импичмент берүүнү талкуулап жатканда Демократиялык партиянын эки өкүлү эл алдында АКШнын президентин бийликтен четтетүү боюнча демилгени колдоо үчүн ниетибиз жок деп билдиришкен жана бир катар өкүлдөр да баш тартышкан.

Эми Дональд Трампты аталган берененин негизинде бийликтен алуу же ордунда калтыруу маселесин Сенаттын талкуусу 2020-жылдын январында чечет.

Эскерте кетсек, Дональд Трамп импичментке кабылган үчүнчү президент болууда. Буга чейин импичмент 1868-жылы президент Эндрю Жексонго жана 1998-жылы Билл Клинтонго жарыяланган. Бирок Сенат экөөнү тең актап чыккан.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 87