Алмазбек Атамбаевге УКМКнын “Альфанын” командиринин орун басарын өлтүрүүгө шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Расмий кабарга ылайык, мурдагы президенттин жактоочусу С.Слесаревдун катышуусунда Атамбаевге Жазык кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча УКМКнын “Альфанын” командиринин орун басары Үсөн Ниязбековду өлтүрүүгө шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылган.

Эске салсак, 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн учурда “Альфанын” командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков окко учуп курман болгон. Ага карата атылган мылтык Атамбаевге таандык болгону айтылган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: