Бишкекте адамдар противогаз кийип калышты

Бишкек шаарында башына газга каршы жабдык (противогаз) кийген адамдар пайда болду. Мындай сүрөттөр соц.тармактарга тарады.

Сүрөт Эркиндик бульварында тартылган.

Буга чейин 29-ноябрда экологдор абанын булгануусу нормадан алтыдан он эки эсеге чейин жогору болуп жатканын билдиришкен. Алар белгилегендей, абанын мындай концентрациясы адамдын дем алуу органдарына абдан зыян. Ошондуктан алар шаар тургундарын медициналык бет кап кийип жүрүүгө чакырышкан болчу.

Бүгүн парламентте депутат Марлен Маматалиев абанын булганышы боюнча тез арада чара көрүлбөсө, өкмөттүн отставкасын талап кыларын жарыялаган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь