Депутат: Жаңы жылга жакын эл кандай эт алышты билбей калды (ВИДЕО)

141

Ветернария жана фитосанитария инспекциясы кытайдын «Оптимум Еквайн Хай Прогрессинг Фактори» компаниясына Торугарт өткөрмө жайы аркылуу 5,5 миң эшектин терисин 60 күндүн ичинде чыгарып кетүүсүнө уруксат бериптир. Ошончо эшектин териси бар да, эти жок, алар кайда жана кантип сатылып жатат? Көптөгөн жарандарыбыз ушуга тыңгылыктуу жооп алалбай жатат. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Мен бул маселени мурдагы дагы көтөргөм, Ветернария жана фитосанитария инспекциясы болбогон бир шылтоолорду айтып, жүйүлүү жооп бералган эмес. Эмне, эшектин терисин эмес, аны тирүүлөй алып чыгып кетүүгө уруксат берсе болбойбу? Менимче, булардын артында таасирлүү адамдар турат. Азыр колума документ тийди, анын укук коргоо органдарына тапшырам, иликтеп көрсүн», – деди депутат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь