Курсан Асанов дагы 2 ай үй камагында болот

Кечээ, 18-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартты. Ал 23-февралга чейин үй камагында болот.

Эске салсак, 8-августта К.Асанов Кой-Ташта мурунку президент А.Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ички иштер министрлигинин расмий маалыматында К.Асанов Кой-Ташта өзүн пиарлоо менен алектенгени айтылган.

Ал эми 13-августта К.Асанов ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулуп, 14-августта кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, ишти Аскердик прокуратура тергеп жатканы маалым болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь