Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Марлен Маматалиев борбордогу түтүн маселесин кайрадан көтөрдү. Эл өкүлүнүн айтымында, бул маселени чечүү үчүн өкмөт эч кандай чараларды көрбөй жатат. Мындан улам Маматалиев Бишкектин абасын тазартуу боюнча алгылыктуу иштер жүрбөсө өкмөттүн отставкасын талап кыларын жарыялады.

” Мен бүгүн үчүнчү ирет абанын булганышы боюнча маселени көтөрүп жатам,  бирок өкмөт көзгө көрүнөрлүк иш кыла элек. Же буга тиешеси бар кызматкерлерди жоопко тартпай жатасыңар. Эгерде мындан ары да ушинте берсеңер мен өкмөт кетсин деген маселени коём”, – деди Маматалиев.

Ал Бишкектеги ыштын 80 пайызы Жылуулук электр борборунан чыккан түтүндөн болуп жатканын, борбор модернизация болгондон кийин сапатсыз көмүр жагылып жатканын билдирди.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: