Мухаммедкалый Абылгазиев: Жолдор – бул экономиканын күзгүсү

79

Жолдор – бул экономиканын күзгүсү. Алардын абалына жараша калктын жашоо деңгээлине баа берилет, – деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарындагы оңдоп-түздөөдөн өткөн Шакиров көчөсүнүн ачылыш салтанатында.

«Каттам бар жерде, багыт бар. Бул өлкөнүн өнүгүү жолу. Президент тарабынан жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында биз өнүгүүнүн негизи катары социалдык чөйрөнү алдык.  Социалдык чөйрөнү жакшыртуу менен биз калкка кам көрөбүз. Жолдорду эле алсак. Көз карандысыздыкты алган убакыттан баштап 2010-жылга чейин өлкөдө болгону 661 чакырым жол курулду. Ал эми 2019-жылы 700 чакырымдан ашык каттам салынды. Анын 416 чакырымына асфальт төшөлдү.   Ошентип, бир жылдын ичинде оңдолгон жолдор акыркы 19 жылдагыга караганда көп. Бул өлкө өнүгүүнүн туура багытын тандап алганын айтып турат», – деди Премьер-министр.

Узундугу 2,5 км болгон Шакиров көчөсүн оңдоо 2019-жылдын июнунда башталган. Долбоордун жалпы сметалык баасы 120 млн сом. Жол бардык тиешелүү инфраструктурасы менен курулган – эки тарабы тротуар, арыктар жана жарыктандыруу орнотулган, коомдук унаа токтоочу жерлер бар.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь