17-декабрь күнү Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев Талас облусунун Талас районунун акими Сыдыков Замир менен жолугушту. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

Жолугушуу учурунда айыл чарба тармагындагы абал жана келечектеги өсүү маселелерин талкууланды. Талкууга райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын башчысы Турдумбеков Кушчубек , райондук Статистика бөлүмүнүн башчысы Кудукеев Койчукул, Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин башчысы Токошев Улан катышты.

Талкуу учурунда төө буурчактын сортунун түрлөрүнүн баасынын азыркы абалы жана келээрки жылдары боло турган тенденциясы тууралуу сөз болду. Азыр төө буурчактын “Лопатка” сортунун тазаланганынын килограммы 75 сомдон ал эми тазаланбаганы 71 сомдон, “Томатный” сорту 42 сомдон, ал эми “Рябой” сорту 50 сомдон сатылып жатканы белгиленди.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: