Улуттук гвардиянын жоокери тоноого шектелген адамды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ленин РИИБге Бишкек шаарынын жашоочусу (аял киши) кайрылып, 12-декабрда саат 20:20 чамасында Жал кичи районунда баштыгын тартып алып, качып кетүүгө аракет жасаган белгисиз адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Аялдын айтымында, баштыктын ичинде алтын жасалгалар, 1 миң доллар жана 24 миң сом бар болчу.

“Окуя болгон жерге жакын аймакта Улуттук гвардиянын жоокери жүргөн. Ал аялдын кыйкырган үнүн угуп, белгисиз адам анын баштыгып тартып алууга аракет жасаганын көргөн. Жоокер шектүүнүн аркасынан барып, кармап келди”, – деп айтылат аталган түзүмдүн билдирүүсүндө.

Шектүү 1993-жылы туулган А.М. экени аныкталып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда анын башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: