Бүгүн “Республика” партиясына лидер шайланат

Бүгүн 20-декабрда “Республика” саясий партиясынын съезди башталды. Белгилүү болгондой партия мүчөлөрү жыйында лидерди шайлашат.

Партиянын лидери болууга негизги эки талапкердин аты аталууда. Алар: Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев жана Мирлан Жеенчороев. Айрым маалыматтарда депутат Руслан Казакбаев дагы талапкерлердин катарында болуусу ыктымал экени жазылууда.

Экс-депутат жана президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабанов “Республика” партиясынын учурдагы лидери болуп саналат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь