Ширин Айтматованын “жолдошумду уйгур улутундагы ишкерлер менен депутат Алиярбек Абжалиев тааныштырган” деген маалыматы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу депутат Абжалиевдин жардамчысы Сардор Кодиров билдирди. Ал Айтматованын айткандарын төгүндөп, Абжалиев Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевди КР инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директорунун орун басары болуп тургандагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу гана тааный турганын белгиледи.

Эске салсак, 20 – декабарда Кенжебаев УКМК тарабынан кармалып Бишкекке, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин убактылу кармоочу жайына алынып келинген. УКМКга Кенжебаевдин үстүнөн М.М аттуу кытай жаранынан арыз түшкөн. Ал Кенжебаевди 350 000 долларын шылуундукка айыптаган. УКМКнын маалыматына ылайык кытай жараны Кыргызстанга “Коопсуз шаар” долбоорунун сынагына катышуу үчүн келген. Ал кытайлык ири компаниялардын биринин төрагасы болгон.

Ширин Айтматованын айтымында М.М деген жаран ал кытайлык каны уйгур бизнесмен Муталиф аттуу адам.  “Муталиф бирден бир АКА корпорациясынын кишилеринен. Мен жолдошумду эки уйгур Аскар жана Муталиф менен депутат Абжалиев тааныштырганын билем”- деп айтып чыккан Айтматова.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: