Депутат: Эркектер пенсияга кеч чыгып, топтогон каражатын корото албай калып жатат (ВИДЕО)

Жарандар пенсияга чыккандан кийин, 30-40 жыл эмгектенип тапкан каражаттарын корото албай калып жатышат. Бул тууралуу депутат Мирлан Жеенчороев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. Ал пенсия берүү саясатын өзгөртүш керек деп эсептейт.

Анын айтымында пенсия алган жарандардын же алардын балдары үчүн, пенсиялык системанын топтоо бөлүгүн иштеп чыгуу керек.

“Статистика боюнча пенсияга чыккандан кийин эркек киши 5 жыл ичинде гана жашагандай болуп турат. Бүгүнкү күндө эркектин орточо өмүр сүрүүсү 65-67 жаш болсо, аял киши 71-74 жыл жашайт экен” ,- дейт Жеенчороев.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь