Өкмөттүн талдоо жана болжолдоо секторунун убактылуу кызматтан четтетилген жетекчиси Егор Скобеев тергөө менен кызматташууга барды. Бул маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук соту ырастады.

Белгилүү болгондой, 19-декабрда Скобеевди УКМКнын кызматкерлери тергөө абагынан Биринчи май райондук сотуна алып келишкен. Сот анын тергөө менен кызматташуу келишимин кабыл алган. Бирок Скобеев учурда дагы деле тергөө абагында кармалып турганы айтылууда.

Егор Скобеев Аскер прокуратурасы тарабынан Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштин алкагында коррупцияга байланыштуу шек саналып кармалган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: