Жаш баланын жанында тамеки тарткан айдоочуга $1 000 айып пул салынат

АКШнын Индиана штатында жаш бала отурган унаанын ичинде тамеки чеккендерге $1 000 айып пул салуу каралууда.

Мыйзам долбоорун штаттын сенатору Эдди Мелтон жана Джим Мерритт сунуштап, бул жаш балдарды оорудан сактап калуунун алдын ала чарасы деп сыпаттады.

Эгер тамеки чегип жаткан айдоочунун жанында жашы алтыга чыга элек бала болсо ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ал эми мыйзамга баш ийбегендер бир жылда үч жолу кармалса айып пулдун өлчөмү $10 000 чейин өсөт.

Учурда АКШнын 9 штатында балдар бар унаада тамеки чегүүгө тыюу салынган мыйзам иштейт. Ар бир штаттын эрежесине ылайык 8 жаштан 18 жашка чейинки баланын жанында чылым чегүүгө болбойт.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча чылым түтүнү каптаган жерде 8 саат убакыт жүрүү 5 даана тамеки чегүүгө барабар. Зыяндуу химияалык заттардын 20 пайызы чылым тарткан адамдын өпкөсүнө кирсе, 80 пайызы абага учат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь