Интернет-дүкөн ачып баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды

94

Бишкекте жана Чүй облусунда баңгизатын мыйзамсыз таратып, сатып өткөрүп жүргөн интернет-дүкөн аныкталды. Бул тууралуу Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

“34 жаштагы жарандын үйүн тинтүүгө алганда ноутбук, катуу диск, Wi-Fi роутерлерин, флеш-карталарды, сим-карталарды активдештирүү үчүн аппарат, телефон, марихуана, шпирцтеги гашиш майы, ак түстөгү майдаланган зат, изолента, электрондук тараза, кол каптар, баңгизатын салуучу баштыкчалар, Кыргызстандын жана Орусиянын банктык карталары табылды”, – деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь