Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматынын Москвадагы баш кеңсесинде ок атуудан улам бир кызматкери каза болду. Андан сырткары, ФСБнын эки кызматкери «өтө оор жаракат» алганын Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Дагы бир жай тургун жабыркаган.

Буга чейин ок чыгарган адам “зыянсыздандырылганы” расмий маалымдалган.

Маалыматка ылайык, 19-декабрь, кечинде Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) жайгашкан Лубянская аянтында белгисиз адам атуучу куралдан ок чыгарган. ФСБ кылмышкердин тек-жайы аныкталганын маалымдады. Бирок анын өлтүрүлгөнү же кармалганы тууралуу так маалымат жок. Жергиликтүү маалымат булактары «террордук аракет» болгондугун белгилеп жатышат.

Президент Владимир Путин инцидент тууралуу кабардар болгонун Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
3
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: