Ымыркайды ит 2 күн бою кучагына катып ызгаар сууктан сактап калган

Россиянын Алтай өрөөнү өзүнүн муз талаалары, ызгаардуу суук шамалдары менен баарыбызга белгилүү. Сыртта калган адамдын тирүү калышына кепилдик жок. Мына ошол жерде таң калыштуу окуя болуп өттү.

Бул окуя бир топ адамдын бирде үрөйүн учурса бирде ыйлатты. Лектовск районунун тургундарын, кошунасынын үйүнүн короосунан бир иттин эки күндөн бери жатканы күмөн ойлорду жараткан. Жаткан итти барып карашканда иттин кучагынын алдынан ымыркайды көрүшкөн. Көрсө эки жаштагы ымыркайдын апасы аны короосуна таштап кеткен. Ымыркайдын тирүү калуусу мүмкүн эмес болчу. Бирок наристени ит көрүп, аны кучагына кыса эки күн бою жата берген.

Иттин жылуу, жумшак жүнүнүн пайдасында ымыркай 2 күн бою тирүү калган. Баланы ооруканага жеткиришкен. Бир топ жабыркап калган бала ага карабай аман калды. Ымыркайдын энеси энелик укугунан ажыратылып жоопко тартылат. Ал эми итти болсо тургундар баатыр аташып, ымыркайды сактап калган периште коргоочусу катары кабыл алышкан. Иттин да ден соолугуна терс таасири тийгени менен бактыга жараша ит да тирүү калган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь