Ысык-Көлдө өспүрүм кызды 40 жаштагы айылдашы зордуктап кетти

Ысык-Көл облусунда 13 жаштагы кыз айылдашы тарабынан зордукталган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын май айында катталган. Окуя Түп районундагы айылдардын биринде болгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү делип 40 жаштагы айылдашы кармалган. Учурда ал камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми жабыркаган кыз мектепте окуусун улантып жатат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь