2020-жылдан тарта ысытылган тамекиси бар буюмдар жана никотин камтылган суюктуктарга акциз салыгы салына баштайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай товар өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар 1-январдан баштап 1 килограмм ысытылган тамекиси бар буюмдарга — 610 сом, электрондук сигареттерди пайдалануу үчүн 1 миллилитр никотин камтыган суюктуктарга — 1 сом төлөнөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын 2019-жылдын 14-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык, ысытылган тамекиси бар буюмдар жана никотин камтылган суюктуктар товарлардын акцизделчү тобуна киргизилген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: