Акчасын жоготуп жиберип жол кире төлөй албай калган 11 жаштагы баланы үйүнүн жанынан түшүрбөй койгон №7 автобустун айдоочусу иштен кетти. Бул маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетова ырастады. Ошондой эле бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

№7 автобустун айдоочусу баланы үйүнүн жанынан түшүрбөй 1,5 чакырым алыс жерге чейин алып кеткен. Аталган факт Аламүдүн районунун милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (“Мыйзамсыз кармап туруу”) менен каттоого алынды“, — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми мэриясынын басма сөз катчысы Алмамбетова баланын ата-энесин таап, кечирим сурашканын айтты.

Белгилүү болгондой окуучу 8 сом жол киресин жоготуп алып, жол кирени төлөй албай калган.

 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
10
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: