Кыргыз-казак чек арасы убактылуу жабылат

168

2020-жылдын январь айынан баштап Кыргыз-Казак чек арасындагы “Ак жол” – “Кордай” өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Буга Казакстандын аталган өткөрүү жайын реконструкциялоо планы себеп болуп жатканын Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаттары Казак тарап менен жолугушуп, бул маселени талкуулашты. Казакстан оңдөө-түзөө иштерине байланыштуу өткөрүү пунктту жабарын билдирип, жарандар үчүн ыңгайсыздык жараларын айткан.

Эки тараптуу жолугушууда товар жүгүртүү, коррупцияга каршы күрөш боюнча биргелешкен иш-чаралар тууралуу маселелер айтылды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь