Чүйдө чала тааныш адам конокторго бычак шилтеген

Чүйдүн Ысык-Ата районунда бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Ал чала таанышынын үйүнө барып, анын меймандарынын бирине бычак шилтеген. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун 39 жаштагы Д.А. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арыздануучу Марс деген чала таанышы анын үйүнө кирип барып, отурган коноктордун бирине бычак шилтеп, ага кол көтөргөнүн айткан. Марстын бул кылыгы үчүн чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “бейбаштык” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

“Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери шектүү делинген 57 жаштагы Т. Марсты кармап, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, – дейт аталган түзүмдүн билдирүүсүндө.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь