Американын Виржини штатындагы жолдо ири авто кырсык болду. Полиция бери дегенде 69 автоунаа сүзүшкөнүн билдирүүдө. Алгачкы эсептөөлөргө ылайык 51 адам жабыркады. Бул тууралуу NBC телеканалы кабарлады.

Ири жол кырсык эки штатты бириктирип турган автомогистралда катталган. Кырсыктын чыгууу себептери дагы да териштирилип жатат. Бирок полициянын маалыматында кырсыктын бирден бир себеби болуп чоң туман деп айтышууда. Маалыматка ылайык автоунаалар ошол жердин убактысы менен 07:51 де Квинс-Крик көпүрөсүндө болгон. Алгач 35 адам жабыркады делип жаткан болсо кийинчерээк такталып 51 адам бейтапканага жеткирилген.

Каза болгондор тууралуу маалымат жок. Риверсайд медициналык борборунун жумушчусунунун айтымында ооруканага 25 адам кырсык болгон жерден келген. Жабыркагандардын арасынан оор акыбалда бир адам бар. 18 жаштагы Брэй Холлоуелдин айтымында, алдыдагы автоунаалар муздан токтой алышпай тегеренип кетип жатышкан. Холлоуел да автоунаасын токтото албай алдындагы автоунааны сүзүп, анан аны артынан дагы башка унаа сүзгөн.

Эгер туман болбогондо мен кырсыкты алыстан көрүп токтой алмакмын”- дейт Брэй Холлоуел. Анын айтымында кырсык болуп жаткан учурда унаадагылар автоунаасынан чыгып жатышкан, ошол үчүн жабыр таркандар көп болду.

Менин сол тарабымда бир айым эишигин ачып түшүп жаткан, аны арттан келген унаа сүзүп кетти”- деп билдирди Холлоуел.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 129