22-декабрь күнү саат 11:40тар чамасында Бишкек ШИИББна Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш бала жоголгону тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери 2010-жылы туулган бала дайынсыз болуп жатканын аныкташкан. Т.З. аттуу шаар тургуну арыз жазып, анда ЦУМдун айланасынан 9 жаштагы баласы жоголуп кеткенин билдирген. Бул факт Свердлов райондук ИИБнин КЖБРге катталып, издөө иштери башталган.

Түнкү саат 01:30дар чамасында Т.С. аттуу бишкектик такси айдоочу “Кыял” имаратынын алдынан жоголуп кеткен баланы тапкан. Бул тууралуу ал дароо милицияга билдирип, Ленин райондук ИИБи жашы жете элек баланы ата-энесине өткөрүп беришкен.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 122