Бишкек шаардык милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка, алдамчылыкка жана тоноочулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

19-ноябрда Ч.З. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал 18-ноябрдан 19-ноябрга караган түнү 3-кичи райондо токтоп турган «Мазда 326» үлгүсүндөгү унаанын ичинен 7 миң сомдук магнитофон менен 5 миң сом акчасын уурдап кеткен жарандарга чара көрүүнү суранды.

16-декабрда милицияга С.Н. арыз менен кайрылып, 19-октябрда Асанбай кичи районунда токтоп турган «Хонда Инспайр» унаасынан 15 миң 500 сом өлчөмүндөгү акчасын уурдап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүндү.

16-декабрда Октябрь РИИБге М.Э. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 21-ноябрь күнү «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасынын ичинен 11 миң 500 сомун белгисиз адамдар уурдап кетишкен.

17-декабрда милицияга К.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ушул эле күнү саат 16:00 чамасында Жибек жолу көчөсүндө токтоп турган унаасынан «Редми» үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү суранган.

20-декабрда Ленин РИИБге Г.М. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучу арызында Ош базарынын аймагынан чөнтөгүнөн 11 миң сомго бааланган «Samsung» телефонун белгисиз адам уурдап кеткенин айткан.

20-декабрда милиция бөлүмүнө Э.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, болжол менен саат 16:00 чамасында «Ош» базарынын аймагынан чөнтөгүнөн 21 миң сомдук «Mi-8» үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткен жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

20-ноябрда Ленин РИИБге Т.Э. (аял киши) кайрылган. Арызында ал чала таанышы үйүнө кирип, 50 миң сомго бааланган алтын буюмдарын уурдап кеткенин айткан.

17-апрелде Свердлов РИИБге Ж.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, белгисиз жаран ушул эле күнү саат 13:30 чамасында «Дордой» базарынан чөнтөгүндөгү 10 миң 800 сомун жана телефонун уурдап кеткен.

21-июлда милицияга Т.Г. арыз менен кайрылып, 150 миң сомго бааланган товарын уурдап кеткен белгисиз жаранга чара көрүүнү суранган.

Бул факттар Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Шаардын тургундары жазган арыздардын негизинде Ленин, Октябрь, Свердлов жана Биринчи май РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, шектүү катары:

– 1980-жылы туулган К.М. (учурда уурдоо фактысы боюнча 17 кылмышка шектелип жатат);
– 1980-жылы туулган М.С.;
– 1980-жылы туулган Т.Ш.;
– 1988-жылы туулган Д.А.;
– 1992-жылы туулган М.Н.;
– 1992-жылы туулган М.Э. кармалды. Учурда шектүүлөр Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары 11-декабрда Биринчи май РИИБге Ы.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Элдик ашар» турак жай-курулуш кооперативинин 2 кызматкерине чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, алар 2014-жылы жайында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн батир алып берүүнү убадалап, 40 миң сом алып, качып кетишкен.

Ал эми Ленин РИИБге Ш.А. аттуу жергиликтүү тургун (аял киши) кайрылып, 2017-жылы 6-ноябрда ишенимине Бишкек шаарынан 2 бөлмөлүү батир сатып берүүнү убадалап, 700 миң сом алдап алып, качып кеткен эркек кишиге чара көрүүнү суранган. Бул факттар Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1962-жылы туулган М.К., 1964-жылы туулган Ч.А., 1972-жылы туулган Б.Б. кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», – деп айтылат маалыматта.

17-декабрда Ленин РИИБге А.Э. аттуу жаран кайрылып, ушул эле күнү саат 07:00 чамасында Кулиев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде «Samsung» үлгүсүндөгү телефонун жана 1,5 миң сомун тартып алган белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. 18-декабрда Ленин РИИБге Ч.Э. аттуу аял кайрылып, саат 20:00 чамасында «Redmi» үлгүсүндөгү телефонун күч менен тартып алган адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факттар Жазык кодексиндеги 201-берене (тоноо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмаштарга шектүү катары 1987-жылы туулган Л.Н., 1992-жылы туулган А.А., 1992-жылы туулган М.Ш., 1993-жылы туулган К.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча тергөө иштери жүрүп жатат», – деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Булак: Barakelde.org

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: