Кыргыз өкмөтү 50 памирлик кыргызды үй-бүлөсү менен Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүп келди. Алар мындан ары ушул айылда туруктуу жашашат. Алар кечээ, 23-декабрда жаңы конушуна жайгаштырылды.

Азырынча памирлик кыргыздар эски мектептин имаратында. Бул туурасында Ош облустук социалдык башкармалыгынын башчысы Абдубали Балтабаев билдирди.

Анын айтымында, мектептин ичи капиталдык ремонттон өтүп, меш коюлуп жашоого ылайыкташтырылган. Учурда аларды азык-түлүк менен жергиликтүү бийлик камсыздап жатат.

“Бул боордошторубуз менен кошо өзүлөрүнүн ханы келди. Ал эки-үч күндөн кийин кайра кетет. Эгер Кыргызстанга келүүнү каалагандар болсо жөнөтө турганын айтты. Андай болсо аларды да турак жай менен камсыздоо маселесин карайбыз”, — деди Балтабаев.

Ал эми күн жылыгандан кийин мамлекет памирликтерге турак жай салып берет. Бул үчүн жер тилкеси такталып, үй курууга тендер өткөн.

 

Макала жактыбы?

НетДа
15
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 121