Оргазм алганга чейин, алып жатканда жана алгандан кийин аял кандай көрүнөөрүн бул сүрөттөн байкасаңыз болот. Сүрөттү өзүнүн О Project долбоорунун алкагында бразилиялык фотограф Маркос Альберти тарткан.

Оргазмдын сапатына эмне таасир берет?

Психолог жана социологдор оргазмга таасир тийгизген төрт нерсе бар экенин аныктап чыгышкан.

  1. Аялдын жашы жана билими жогорулаган сайын оргазмга жетүү ыктымалдуулугу да көбөйөт. Себеби, аялдар төшөктөн өздөрүнө көңүл бурууну талап кылып, секс тууралуу сүйлөшүүдө өздөрүн ишенимдүү сезип калышат.
  2. Ар дайым аялдын сезими экинчи орунда болгон консервативдүү көз караштагы (диний жана социалдык) айымга караганда, либералдуу көз караштагы айым оргазмга көбүрөөк жетет.
  3. Аял мамиледе өзүн канчалык ыңгайлуу жана бактылуу сезсе, сексуалдык планда да ал ошончолук ачылат.
  4. Сексуалдык зомбулук же жыныстык катнаш менен байланышкан башка жаракаттарды алган аялдын оргазмга жетүүсү кыйыныраак.

Мамиледеги бакыт, комфорт жана ырахатты камтыган үчүнчү пункт баарынан чоң мааниге ээ. Себеби, идеалдуу мамиледеги аялдардын 70%ы оргазм алаарын айтышкан.

Аялга оргазм алууга тоскоолдук кылган нерселер

Кинодогу стереотиптер

Аял менен эркектер тасмадагы ачык-айкын оргазмды көрүп, аны норма катары эсептешет. Ошондой эле, порнолордун айынан көпчүлүк бир нече секунд ичинде оргазмга жеткен аялдарды көрүп көнүп калышкан.

Натыйжада, эркектер гана эмес, аялдар дагы өзгөчө унутулгус сезимдерди күтүшөт. Анын айынан, чыныгы оргазмды көңүлүнө албай, аны жетишээрлик күчтүү деп эсептешпейт.

Бирок, ар бир оргазм уникалдуу. Андыктан, экрандагы аялга багыт албай, өз денеңди сезгенге үйрөнүү керек.

Өз денесине сын көз караш менен кароо

Психологдор аялдын өз денесине болгон ичиндеги критикалык пикири оргазмга жетүүгө тоскоолдук кылаарын айтышат.

Аялдын ички үнү негизги күмөн маноолорду санай баштайт: “менин төшүм аябай кичинекей”, “жыныс кыным өтө кургак, кууш же кең” , “жыныс мүчөм сулуу эмес” ж.б. дегендей.

Психологдор, көптөгөн аялдар өз денесине болгон мындай терс пикирди ата-энесинен, гигиена процессине жана башка сурооолорго үйрөнүп жатканда алышканын айтышат. Мисалы, жыныс мүчөнүн эч кандай аты жок, аны жөн гана жууп, кармабаш керек болсо, балага жыныс мүчө жайгашкан аймак бөлүп чыгаруу функциясы менен гана байланыштуу болуп калат.

Натыйжада, аялдын уялуу сезими белинен ылдый жайгашкан бардык нерсеге жайылат. Кир деп эсептеп калган дене мүчөлөрүнөн тийүүдөн ырахат алуу кыйын болот, бул өз кезегинде оргазмга да тиешелүү.

Контролду жоготуп алуу коркуусу

Кырдаалды контролдоп жатканыңды сезүү – адамдын негизги муктаждыктарынын бири. Эркектер сага каалаганын айткан, кыйкырып тийишкен, колун тийгизген, артыңан кубалаган, “жок” деген сөздү флирт катары кабыл алган өлкөдө өсүп жатсаң, контроль коргонуу механизми болуп калат. Психологдор, коргонуу механизми катары контролго таянууга тийиш болгон аялдар, жыныстык катнашта өздөрүн эркин сезүүгө туруштук кылышат.

Макала жактыбы?

НетДа
7
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 710