Белгилүү актер Жеки Чан аз жерден чөгүп кете жаздады (Видео)

225

Белгилүү киноактёр Жеки Чан “Авангард” тасмасын тартуу учурунда аз жерден каза болуп кала жаздады. Бул тууралуу Пекиндин маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, тасма талаасында гидроциклон картинасын тартуу учурунда ал асканын алдында тузакка түшүп калган. Ал жактан чыга албай, чөгүп кете жаздаган. Бирок ал эмоцияга алдырбай, тынч турууга аракет жасаган. Бул анын сууга калкып чыгып, аман калышына чоң көмөкчү болгон.

Кечке маал жуунуп жатып, болуп өткөн окуяны эстеп алып, титирей баштадым. Чынында коркуп калыпмын. Мен ушундай эле оңой өлүп каламбы деп ойлоп да кеттим”, – деген Жеки Чан.

Тасманын режиссеру Стэнли Тонг башында билген эмес, окуяны уккан соң көз жашын тыя албай ыйлап жиберген. 

Белгилек кетсек “Авангард” тасмасы эл аралык кылмышкерлердин уюшкан тобу барымтага алган адамдарды куткаруучу күзөт кызматкерлери тууралуу баяндайт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь