Залкар режиссёр Болот Шамшиевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Болот Шамшиевдин эмгегинин үзүрү «кыргыз керемети» доорунун ажырагыс бир бөлүгү болуп саналарын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болотбек Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында ооруп каза болгон. Маркумдун артында үч уулу жана эки кызы калды.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 115