Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин депутаттары, төрайымы  Махабат Мавлянова менен иш алып бара албастыгын билдирип чыгышты.  Бул туралуу журналист Тынчтык Алтымышов өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Буга чейин оозеки иштетше албастыган билдирип келген 10 эркек депутат эми кат түрүндө чечим чыгарып, аны Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго жолдошкон.

“Депутаттар Махабат Мавлянова комитеттин ишин ырааттуу алып барбаганын, айрым маселелерди өз алдынча чечип алганын, кесиптештерине комментарий берип, калыс ишти алпарбаганын, комитеттин иши жылбай, бул өлкөдөгү эң маанилүү транспорт, жол куруу тармагына терс таасир тийгизип жатканын белгилешкен.  Чындап эле өлкөдө жол куруу иштерине коомчулуктун да ичи чыкпай турат. Жалал-Абад -Маданият, Бишкек-Карабалта, Ош-Исфана, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолдору бүтпөй, иш жылбай, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун сметалык баасынын асман чапчыганы иликтенбей турат”.– деп жазган журналист.

Бул боюнча айрым эл өкүлдөрү менен байланышып көрдүк. Комитет мүчөсү Алмаз Эргешов эч кандай документтке кол койбогонун айтып чыкты. Ал эми Мавлянова болсо телефонун көтөргөн жок.

Жогорку Кеңешти Регламенти боюнча, эми бул катка төрага төрага  72 сааттын ичинде жалпы жыйынга салууга милдеттүү. Мөөнөтү менен карасак, бүгүн бул чечим боюнча төрага жооп айтууга убакыт келди. Азырынча төрага бул боюнча үн ката элек.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 174