Новосибирскте 2 унаа сүзүшүп, кыргыз жарандары ошол жерден мерт кетти (Видео)

Россиянын Новосибирск шаарынан келе жаткан кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, эки адам ошол жерден мерт кетти. Бул маалыматты Кыргызстандын Новосибирскидеги КРдин Башкы консулдугунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, кырсык 21-декабрда Ордынск районунда болгон. Анда кыргызстандыктар Daewoo Nexia автоунаасы менен Бишкекке келе жатып каршы тилкедеги Ford Transit үлгүсүндөгү минивен менен кагышкан. Кырсыктан улам 50 жана 31 жаштагы кыргыз жарандары каза таап, 28 жаштагы жигит башынан жаракат алган.

“Кырсыктан жабыркаган жигит жандандыруу бөлүмүндө жатып, кечээ, 23-декабрда, жалпы палатага которулду. Каза болгондордун туугандары келген, сөөгүн мекенге жөнөтүү иштери жүрүп жатат. Кырсыкка кабылгандардын баары Ош облусунун Ноокат районунун тургундары”, — деп айтылат билдирүүдө.

Новосибирскден келе жаткан мекендештер жол кырсыгына кабылышты. Эки мекедешибиз каза болуп, бирөө жаракат алыптыр. Өкүнүчтүү(((

Опубликовано Канатом Батырбековым Вторник, 24 декабря 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь