Ош облусунун Өзгөн районунда 70 жаштагы аялга өзүнүн небереси бычак сайып, качып кетти. Аял жаракатынан улам оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул маалыматты Өзгөн аймактык ооруканасынан тастыкташты.

Дарыгерлердин айтымында, бычактын мизи бейтаптын ички органдарын тешип кеткен. Бычак көкүрөктүн оң тарабынан кирип, бооруна жана өпкөсүнө тийген. Жабыркаган жаранга тез арада операция жасалды. Бүгүнкү күндө абалы жакшы.

Ал эми Өзгөн РИИБдин ыкчам тергөө тобу текшерүү иштерин жүргүзүп, 12-декабрда болжол менен саат 10:00 чамасында Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жашаган 1997-жылы туулган Ж. уулу Э. өзүнүн чоң энеси М.А.ны ашкана бычагы менен көкүрөк тушуна бир жолу сайып, окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда кылмышка шектүүнү кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
2
4
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: