Чүйдө жубайлардын урушу экөөнүн өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу облустук милицияга таянып “Азаттык” жазды. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 24-декабрда Аламүдүн районуна караштуу Горная Маевка айылында болгон.

Милициянын билдиришинче, күйөөсү менен аялы уруша кеткен. 24 жаштагы келин бычак жеп, Беш-Күңгөй айылындагы аскердик госпиталдан көз жумду. Ага кол салган күйөөсү, 28 жаштагы жергиликтүү тургун да өз жанын кыюуга аракет жасап, өзүнө өзү бычак сайган. Ал да алган жараатынан каза тапты.

Маркумдардын артында бойго жете элек эки бала калды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 131