Бишкектин Ленин райондук мамлекеттик администрациясында социалдык маанилүү маселелер жана жугуштуу илдеттер боюнча координациялык кеңештин отуруму өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Отурумга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун, аймактык башкармалыктардын жетекчилери, мектеп жана бала бакчалардын директорлору катышып, ВИЧ-инфекциясы, гепатит (А, Б) жана башка ооруларга каршы күрөшүү боюнча программаларды талкуулашты.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-январына карата Бишкекте ВИЧ менен жабыркаган 1 миң 498 киши каттоого алынган. Алардын 169у каза болду. Ал эми 366 адам Ленин районунун жашоочулары.

Жыйындын жыйынтыгында профилактикалык иштерди (шаар тургундары жана балдар үчүн тренингдерди өткөрүү) көбөйтүү чечими кабыл алынды.

Макала жактыбы?

НетДа
3
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 120