Президент: Коррупционерлердин технологдору Матраимовду мага жабыштырып жатат

102

Президент Сооронбай Жээнбеков бажы тармагындагы коррупция санариптештирүү менен гана жоюларын журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Өз сөзүндө бажы тармагы илгертен майлуу-сүттүү тармак экенин, ошондуктан ал жерде коррупция сөзсүз болорун, тармактагы жемкорлукту жоюууга кызыктар экенин белгиледи

“Бажы кызматы биз эгемендүү болгондон баштап эле жемкорлордун уюгу болуп келген. Ар бир президенттин учурунда мындай тармакта өзүнүн «капчыктары» болуп келген. Аларды жоюу менин максатым, мен тарыхты жакшы билем”,– деди президент

Ал эми бажы кызматынан мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун маселеси азыркы учурда күчөп жатканын оппозициялык күчтөрдүн атайын жасаган мамилеси деп түшүндүрдү. Себеби мурдагы президенттин саясий технологдору  Матраимовду коррупциянын символу катары көрсөтүп, өзүнө байланыштырып жатканын кошумчалады. Бирок учурда президент экенин кошумчалап бул боюнча аракет көрүлүп жатканын баса белгиледи.

Матраимов жөнүндө айтып жатасыңар, бажыда ал өңдүү жемкорлор ондоп эмес жүздөп саналат. Мага чейинки жылдары башкарган президенттин саясий технологдору Матраимовду коррупциянын символу кылып көрсөтүп туруп, мага жапкысы келип жатат. Азыр мына мен да кызыктармын аны аягына чыгарганга. УКМнын алдында атайын тергөө топ түзүлүп иштеп жатат, аны мен да карап турам, ага убакыт керек. УКМК мен талап кылган жүйөлүү фактылардын артынан түштү”.

Жээнбеков ошондой эле бажыдагы коррупция тууралуу жазган ММКларга ыраазычылык айтып, бирок анда айтылган фактыларды юридикалык жактан бекемдөө керектигин, далилдөө керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйын берүүдө. Маалымат жыйынга 188 журналист келген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь