Коррупцияга каршы күрөш оңой эмес экенин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Коррупция менен күрөш оңой эмес, бирок мынча кыйын экенин жон терим менен сезип жатам. Мага деле бул коррупция менен күрөш оңой эмес, ага команда керек, мамлекетке таза орган керек. Таза иштеген кызматкерлерди тандоо мага оңойго турган жок“,- деди мамлекет башчы.

Соттор жана прокурорлордун камалганын белгилеп, күрөш жүрүп жатканын айтты. Ошондой эле Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрбөгөнүн, саясий куугунтук тууралуу айыптоолор негизсиз деп белгиледи.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда «Ала-Арча» резиденциясында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: