Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун иши сот органдарынын колунда. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей Жапаровдун иши боюнча көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө.

“Мен азыр Садыр Жапаров боюнча популисттик кылып сотко “Сен мындай кыл” деп айтсам туура эмес болот. Сот системасы мамлекеттин өзөгү. Системаны реформа кылып, талап кылышыбыз керек. Бирок мыйзам чегинде чечкенди үйрөтүшүбүз зарыл. Мына, биз жаңыдан келгенде, жашырганда эмне, президенттик аппарат карап, “Муну эмне кылабыз?” деп айтып жатышты. Мен “Мыйзам чегинде чечкиле, мыйзамдан чыкпагыла. Мыйзамды бузсаң жооп бересиң, сотсуңбу, ким болсоң да” деп дагы эле айтып жатам. Азыр эми бул нерсе каралып жатат. Арыз бериптир. Кандай чечилет, бир мени менен чечилбейт, аны кийин угасыңар.”,- деди президент.

Эске салсак, камактагы саясатчы Садыр Жапаров ырайым сурап президентке кайрылган.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
3
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 193