“Бишкек шаарында экология боюнча маселе бир жылда гана эмес көп жылдан бери көйгөй жаратып келүүдө.” Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ала-Арча резиденциясында өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.

Айрыкча Бишкекте ички миграция көбөйүп, миңдеген үй-бүлө меш жагып көмүр колдонушат. Учурда шаарда 47 конуш 60 миңден ашуун үй-бүлө бар. Бул абанын булганышынын бирден бир себеби. Ал эми экинчиси унаалардын санынын өскөнү жана эскилиги жеткен машинелерден бөлүнүп чыккан уулуу зат дагы бир себеп болсо, шаардын ичиндеги курулуш иштеринин туура эмес жүрүп жатканы дагы көйгөйгө алып келүүдө” ,- деп эсептейт президент.

Ал эми бул көйгөйдү чечүүдө өлкөгө электромобиль менен жүргөн унаалардын санын көбөйтүп, Бишкектин четиндеги конуштарды газга кошуу керектигин белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Мындан тышкары шаарда көрктөндүрүү иштери жүрүшү зарыл деди.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: